Биз менен байланышыңыз

9-октябрда тоолуу аймактарда кар жаайт

Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 270 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 9-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан жаайт. Тоолуу аймактарда жаан карга айланат.

Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жаан,  тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13;

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…4, күндүз 8…13;

Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус болот.

Бишкек шаарында 9-октябрда жаан жаайт. Абанын температурасы: түнкүсүн 2…4°, күндүз 11…13° жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM