Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 9-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан жаайт. Тоолуу аймактарда жаан карга айланат.
Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13;
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…4, күндүз 8…13;
Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус болот.
Бишкек шаарында 9-октябрда жаан жаайт. Абанын температурасы: түнкүсүн 2…4°, күндүз 11…13° жылуу болот.