Биз менен байланышыңыз

Курсан Асанов митингде жабыркаган милиция кызматкерлеринен кабар алды

Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 518 | 0

Бүгүн, 8-октябрда Ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов митинг учурунда жабыркаган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринен кабар алды.

Маалыматка караганда, ИИМдин жетекчилиги жабыркагандарга керектүү жардам берет.

Дарыгерлердин айтымында, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жаракат алган укук коргоо кызматкерлеринин абалы жакшы.

Учурда 52 кызматкер ИИМдин бейтапканасында, 38 кызматкер башка ооруканаларда, бир кызматкер үйүндө дарыланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM