Биз менен байланышыңыз

Өкмөткө караштуу бардык органдар штаттык режимде иштейт

Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 442 | 0

8-октябрда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев баштаган өкмөт аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жыйынга чогулду. Анда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга карабастан, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү, санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги айтылды.

Мындан тышкары, 2021-жылы тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн жогорку чекте болорун эске алуу менен республикалык бюджеттин аткарылышы жана тышкы карыздарды реструктуризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды.

«Бул оор мезгилде бардык мамлекеттик органдар жарандардын турмушун өз нугунда улантуусун камсыз кылуу үчүн жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча өз ишин күчөтүшү керек», —

«Көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, мамлекеттик органдар буга чейин кабыл алынган бардык социалдык милдеттенмелерди аткарууну улантышат», — деди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

Мындан тышкары күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси талкууланды. Бардык социалдык мекемелер керектүү көлөмдө көмүр менен камсыздалып, жылуулук электр борборлорун жылытуу мезгилине толугу менен даярдоо тапшырмасы коюлду.

Өкмөткө караштуу бардык органдарга белгиленген тартипте иштөө жана жумуш ордун таштап кетпөө тапшырмасы берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM