Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Суваналиев: Шайлоого катышпайм

Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 1924 | 0

Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Субаналиев парламенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу ал 8-октябрда өкмөт үйүндө чогулгандардын алдында сүйлөп жатып айтты.

Субаналиев күч органдары саясатка аралашпай турганын эскертти.

«Мен талапкер эмесмин. Буга чейин «Бүтүн Кыргызстандан» чыккам, бүгүнкү күндө эч бир партияга мүчө эмесмин. Эч кимди колдобойбуз, мен жеке өзүм шайлоого катышпайм. Мага генерал катары туруктуулукту камсыздоо маанилүү».

Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Субаналиев «Марал» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып, өлкөдөгү кырдаалды Коопсуздук Кеңеши көзөмөлгө алганын, азыр легитимдүү бийлик катары абалды турукташтырганга аракет кылып жатканын айткан.

— Биринчиден, азыр мен Коопсуздук Кеңешинин катчысынын биринчи орун басары катары кураторлук кылуудамын. Болуп жаткан кырдаалды жөнгө салуу үчүн укуктук ченемдерибизди колдонуп, аракет кылып жатабыз. Бизде бир гана милдет — коопсуздукту көзөмөлдөө жана өлкөнүн стабилдүүлүгү, — деди Субаналиев.

Өмүрбек Субаналиев шайлоо өнөктүгү башталганга чейин Коопсуздук Кеңешинин катчысынын биринчи орун басары кызматында болгон. Ал парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган.

Анын айтымында, кырдаалдан улам кызматына убактылуу кайтып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM