Биз менен байланышыңыз

Курсан Асанов: Кашкар Жунушалиевдин кайда экени белгисиз

Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 883 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Кашкар Жунушалиевдин кайда экени белгисиз. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комменданты, Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу кызматын аркалап жаткан Курсан Асанов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, министрдин орун басарларынын экөө азыр кадимки тартипте иштеп жатышат, бирөө Ошто. Дагы бир орун басары Памир Асанов кайда экени белгисиз.

«Кашкар Жунушалиев баарын таштап кетти, анын кайда экени белгисиз. Мен аны издебейм. Орун басарлары мени менен иштеп жатышат. Мен Жунушалиев жөнүндө жаман айткым келген жок, биз болгону ишти улантып жатабыз», — деди Курсан Асанов.

Курсан Асанов Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты болгон. 7-октябрда өкмөт үйүнүн алдына ИИМдин өздүк курамы чогулуп, Асанов сөз сүйлөгөн.

Курсан Асанов буга чейин Ички иштер министринин орун басары кызматын аркалаган. Кызматтан 2019-жылы кеткен. Парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкер катары катталган.

Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда «милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан четтетилип, үй камагына алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM