Биз менен байланышыңыз

Тилек Токтогазиев өкмөт башчы кызматына умтулууда

Кыска кабар | 7 Окт 2020 | 1183 | 0

«Ата Мекен», «Чоң Казат», «Реформа» партияларынын өкүлдөрү өкмөт үйүнө барышты. Ал жерде «Ата Мекендин» талапкери Тилек Токтогазиев өкмөт башчылык кызматты аркалоо максатын айтып жатат. Ал депутаттыкка барбай турганын, өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу жоопкерчилигин алууга даяр экенин билдирүүдө.

Ага чейин 6-октябрда түзүлгөн Элдик координациялык кеңеш Тилек Токтогазиевди премьер-министр кызматына көрсөткөн.

Өзүн өкмөттүк апппараттын башчысынын милдетин аткаруучумун деп тааныштырган Элдар Аттокуров чогулгандарды тынчтанууга чакырды. Ошондой эле люстрация болушун, өлкө оор абалда тургандыктан бир чечимге келүү керектигин айткандар болду.

Өкмөт үйүндө отургандар арасында депутаттар Жанар Акаев, Элвира Сурабалдиевалар да бар.

Жанар Акаев мамлекеттик мекемелерди басып алууну токтотууну, милицияга кол салбоону, депутаттарга тийбөөнү өтүндү.

7-октябрда «Ала-Тоо» аянтында болгон митингде «Ата Мекен», «Замандаш», «Реформа», «Бир Бол» партияларынын өкүлдөрү чыгып сөз сүйлөшкөн.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов чыкканда жаштар ага сөз берген жок. Чогулгандар эски саясатчылар толук кетип, жаңы жүздөр келүүсүн талап кылышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM