Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 18 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
- Бишкек шаарында – 5;
- Ош шаарында – 3;
- Ош облусунда – 5;
- Жалал-Абад облусунда – 3;
- Баткен облусунда – 2 учур.
Ал эми акыркы суткада 1 медициналык кызматкер айыгып, ооруканадан чыкты. Үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган.
COVID-19 3354 медикке жуккан, алардын ичинен 3069у айыгып чыкты.