Биз менен байланышыңыз

Байден Эрдоганды Айя-Софиянын музей наамын кайтарып берүүгө чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Окт 2020 | 349 | 0

АКШ президенттигине талапкер Жозеф Байден Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды Айя-Софияны мечитке айландыруу боюнча июль айындагы чечимин жокко чыгарууга чакырды.

«Мен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды Айя-Софияны мечитке айлантуу жөнүндө акыркы чечимин жокко чыгарууга жана мурдагы музей наамына кайтарып, баарына, анын ичинде православдарга да орток аянт кылууга чакырам», — деп жазды Байдендин веб-сайты.

10-июлда Түркиянын Жогорку административдик соту Айя-Софияны мечитке айлантууга уруксат берген, андан кийин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бул тууралуу жарлыкка кол койгон.

Август айында Эрдоган Стамбулдагы Хора ибадатканасын мечитке айлантууга буйрук бергени кабарланган.

Айя-Софьядагы жума намазга 350 миңден ашык адам катышты (сүрөт)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM