Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөлүктөр Кыргызстандагы окуялар тууралуу эмне дейт?

Блог , Дүйнө | 6 Окт 2020 | 1070 | 0

Кыргызстанда учурда башаламандык жаралып, айрымдары тынчтыкка чакырууга аракет кылып жатса, айрымдары «кресло» бөлүштүрүүнүн камында жүрүшөт.

Ал арада соттолуп абакта жаткан бир нече чиновник да бошотулду.

Өз ичинде кайнап жаткан Кыргызстандагы окуялар коңшу өлкөлөрдө кызуу талкууга алынууда.

Айталы, биздин өлкөдөгү кырдаалды эң көп чагылдырган Орусия басылмалары болууда.

Маалыматтарды ыкчам алуу жагынан Орусия басылмаларынын алдыңкы сабында турган «РИА Новости» агенттиги мурдагы президент Курманбек Бакиевдин өлкөдөгү жагдай тууралуу пикирин жарыялады. Алардын жазганына таянсак, Бакиев бул окуяны жүрөгү ооруп кабыл алган.

Ошондой эле, «ТАСС» агенттиги өлкөдөгү окуялар тууралуу «Кыргызстандын парламенти кезексиз отурум өткөрүү үчүн жетиштүү кворум топтой алган жок», «Кыргызстандын бийлиги милдетин аткарууну улантарын маалымдады», «Кыргызстанда митингге чыккандар алтын кенин басып алышууда», «Сот Атамбевди үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды» деген сыяктуу бир катар макалаларын жарыялады.

«Интерфакс» басылмасы «Серепчи: «Кыргызстанда кландык тиреш жүрүп жатат», — деп атады» деген макала жазды.

Бул арада Орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный да Твиттердеги баракчасына «Кыргыздар кыйынсыңар!» деп жазды.

Ошондой эле Орусиянын социалдык тармактарында да саясий серепчилер жана катардагы колдонуучулар тарабынан да биздеги окуялар кызуу талкууга алынып жатат.

Сергей: «Урматтуу кыргызстандыктар, силер Москвада көп эмессиңерби. Баскынчы-диктатор Вованы да тактан түшүрүп бергилечи. Силер 2 саатта эптейсиңер».

realgun: Беларус: «Бизге тынчтык митинги кандай өтөрүн үйрөтпөгүлө». Кыргызстан: «Эмесе, менин сырамды кармап тур».

Andy: «Эгер беларус кыздары өздөрүнүн кикимараларын таштап, кыргыздарга турмушка чыкса, өлкөсүнөн диктатордун (Лукашенькону айтып жатат — ред.) сөөгү чыкмак».

Дагы бир колдонуучу: «Беларустар менен кыргыздарды бириктирип турган «ы» тыбышынан артык күч жок. Жашоо (Жыве)»

Александр Цой: «Дүйнөдөгү эң кооптуу кесиптер:

5. Полиция

4. Куткаруучулар

3. Шахтёрлор

2. Сапёрлор

1. Кыргыз Республикасынын Президенти»

Артём Дерягин: «Маселеңерди чечебиз. Ылдам. Сапаттуу. Кымбат эмес». ©️кыргыздар

«Бир күнү таңда ойгонсок эле Путиндин иш бөлмөсүн кыргыз таксисттери басып алган болот».

Майкл из Саратова: «Кыргыздар Белоруссиянын «самын» операсынын бир сезонун көрүп, блокбастер тартуу чечимин кабыл алышты».

Беларусиядагы социалдык тармактын колдонуучусу ушунчалык тездикке таң калып: «Кыргыздар, силердин гимниңердин башкы сабы: «Биз, кыргыздар, убактыбызды текке кетирбейбиз», — деп башталат окшойт», — деп жазды.

Өзбекстандагы «Кун.уз» сайты жарыялаган «Кыргызстандын президенти билдирүү жасады» аттуу макаланын алдынан төмөнкүдөй комментарийлерди көрүүгө болот:

«Мени Кыргызстанга президент бол десе, көнбөйт болчумун»

«Жолду билесиздер, Казакстан аркылуу».

«Ушул кыргызстандыктар 4 жолу революция уюштурду, бирок эч Авганистан же Сирияга айланып кеткен жок». Ушул билдирүүгө дагы бири: «Айланбасын дагы», — деп жооп жазган.

Ал эми казактар мындай деп жазышууда:

«Казакстанда аялы күйөөсүнөн кечинде нан ала келүүсүн, а Кыргызстанда болсо Ак үйдү алуусун суранат».

Жомарт Маметкарим: «2020-жыл мындан артык эч нерсе менен таң калтырбаса керек деп ойлогом, бирок минтип кыргыз боордоштор чыкты».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM