Биз менен байланышыңыз

Митингде жабыркагандардын бири каза болду

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 653 | 0

Бишкектеги митинг учурунда жабыркагандардын бири каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бүгүн, 6-октябрда таңкы саат 08.00гө карата 590 жабырлануучу кайрылды. Алардын 439уна амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйүнө чыгарылды.

150 жабырлануучу ар кандай оор жаракат менен ооруканаларга жаткырылды. Анын 13ү реанимацияда. Бир жабырлануучу каза болду.

-Бишкек травмотология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда 288 киши кайрылган, анын 69у жаткырылды, алардын бешөө реанимацияда.

-Улуттук госпиталда 164 бейтап кайрылган, анын 58и жаткырылды, ичинен 6 киши реанимацияда, бир жабырлануучу каза болду. Өлгөн жарандын аты-жөнү тактала элек.

-Бишкек шаардык №1 ооруканага 30 киши кайрылган, анын 23үнө жардам көрсөтүлүп, кое берилди, жетөө жаткырылган, бир киши реанимацияда.

-Чүй облустук ооруканада ушу тапта үч адам бар, анын бирөө жандандыруу бөлүмүндө. Улуттук хирургия борборунда 13 киши дарыланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM