Биз менен байланышыңыз

Баткенде санитардык эрежелерге баш ийбөө боюнча 4 учур кылмыш катары катталды

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 215 | 0

Баткен облусунда бир жума ичинде 3389 объектинин санитардык абалы текшерилди. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, рейддин жыйынтыгында 4 учур кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Андан тышкары, 709 эскертүү берилип, 308 протокол түзүлүп, 389 миң сом айып салынды.

Айыпка жыгылгандар чектөөлөргө баш ийбей той өткөрүшкөн, ошондой эле санитардык талаптарды аткарбаган базар, ашканалар бар.

Облуста эпидемиологиялык абал кооптуу болуп жаткандыктан, санитардык талаптардын сакталышы боюнча рейддер тынымсыз жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM