Биз менен байланышыңыз

Байкоочулар: Кыргызстандагы шайлоо ачык жана атаандаштык менен өттү

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 393 | 0

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо ачык жана атаандаштык менен өттү. Бул тууралуу КМШнын байкоочулар миссиясы 5-октябрдагы маалымат жыйынында билдиришти.

Алардын байкоосунда Кыргызстандагы парламенттик шайлоодо бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Шайлоо Конституцияга, мыйзамдарга ылайык, атаандаштык менен өттү.

КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси Виктор Гуминскийдин айтымында, чет өлкөлөрдө шайлоо тилкелери көп ачылды. Пандемия шартында өткөн шайлоого катышууга кызыгуу жогору болду.

Эл аралык байкоочулар шайлоо автоматтык саноо системасы аркылуу өткөндүктөн, аны таза өттү деп эсептесе болорун айтышты.

Байкоочулар шайлоону уюштуруу жана өткөрүү процессине 14-сентябрдан баштап көз салышты. Миссиянын толук билдирүүсү БШК шайлоо жыйынтыгын расмий билдиргенден кийин жарыяланат.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Ага 16 саясий партия ат салышты. Алдын ала жыйынтык боюнча 7 пайыздык босого менен 4 партия алдыда келе жатат.

«Биримдик» — 24,53 пайыз;

«Мекеним Кыргызстан» — 23,90%;

«Кыргызстан» — 8,74%;

«Бүтүн Кыргызстан» 7,09%.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM