Биз менен байланышыңыз

Социал-демократтар: Шайлоонун легитимдүүлүгүнөн шегибиз бар

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 380 | 0

«Социал-демократтар» саясий партиясы шайлоо процессинин жүрүшүндө массалык мыйзам бузуулар катталганын айтышты. Партиянын штабы билдирүү таратып, ыплас жана одоно мыйзам бузуу фактыларын далил келтиришти.

«Коомчулук жарандарды массалык түрдө жеткирүү фактыларын көрүп жатат, тагыраагы, бүт өлкө боюнча миңдеген чакан автобустар бул махинацияны ишке ашырып, жарандардын добуштарын манипуляциялоодо. Бүт жерде биз жарандарды одоно жана ыплас түрдө сатып алууну байкап жатабыз, өтө көп сандагы кыргызстандыктар уурулардын жана коррупционерлердин партиялары тарабынан сатып алынган», — деп айтылат билдирүүдө.

Партиянын пикиринде, бийлик шайлоону адилеттүү жүргүзүүгө жана купуялуулугун камсыздоого жөндөмсүз. Буга шайлоо тилкелеринде жарандар өз бюллетендерин сүрөткө тартып, аны белгисиз адамдарга жөнөтүп жатышканын мисал келтиришти. Партия шайлоонун легитимдүүлүгүнө шеги бар экенин, өлкөдө орун алып жаткан мыйзамсыздыкты баары көрүп турушканын белгилейт.

«Бүгүнкү шайлоо укук тартип түзүмдөрү кырдаалды көзөмөлгө алууга жана мыйзам бузууларга каршы күрөшүүгө жөндөмсүз экенин көрсөттү. Өлкөдө кандай башаламандык орун алып жатканын көрүп жатабыз жана бийлик бул башаламандыкка жол берип, мыйзамдарды тебелендиде калышын үн-сөзсүз колдоого алып жатат», -деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM