Биз менен байланышыңыз

Саат 19:30га карата добуш сатып алуу боюнча 11 факты катталган

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 343 | 0

Парламенттик шайлоонун жүрүшүндө кечки саат 19:30га карата добуш сатып алуу боюнча 11 факты катталган. Бул тууралуу ИИМдин тергөө бөлүмүн башчысы Султан Макилов билдирди.

Жалпысынан 111 арыз келип түшкөн. Анын ичинен добуш сатып алуу боюнча 11 факты катталды. Калгандарынын басымдуу бөлүгү кезек күтүү боюнча келип түштү.

Кыргызстанда добуш берүү аяктап, шайлоо участкалары кечки саат 20.00дө жабылды. Добуш берүү эртең менен саат 08.00дө башталган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 18.00гө карата маалыматы боюнча, шайлоого 1 миллион 594 миң 802 адам катышты. Бул шайлоочулардын 45 пайызын түзгөн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM