Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Добуш сатып алуулар боюнча 6 факт катталды

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 471 | 0

4-октябрда добуш берүү башталган убакыттан тарта Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 15 факт катталды. Бул тууралуу ИИМдин тергөө бөлүмүн башчысы Султан Макилов маалымат жыйында кабарлады.

Анын ичинде Бишкекте 3 факт, Жалал-Абадда 5 факт, Ош облусу боюнча 3 факт жана Чүй облусу боюнча 4 факт катталган.

Каттоого алынган учурлардын ичинде кылмыштар жана жоруктар бар. Кылмыштар боюнча 9 иш, добуш сатып алуу боюнча 6 иш, шайлоого тоскоолдук жаратуу боюнча 3 факт катталса, жоруктар боюнча 6 майда бейбаштык катталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM