Биз менен байланышыңыз

Акыркы сааттарга карата чет өлкөлөрдө 5604 кыргызстандык добуш берди

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 365 | 0

Саат 17:00гө карата чет өлкөлөрдө 5 миң 604 кыргызстандык добуш берди. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков брифингде кабарлады.

Азыркы учурда 28 өлкөдөгү 45 шайлоо тилкесинин бирөөсү гана ачыла элек. Вашингтондогу шайлоо тилкеси убакыттын айырмачылыгына байланыштуу бир сааттан кийин ачылат.

Ал эми саат 16:00гө карата Кыргызстанда 1 млн 296 миң 978 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,81 пайызын түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM