Биз менен байланышыңыз

Чет мамлекеттерде 3,5 миңден ашык кыргызстандык добуш берди

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 327 | 0

4-октябрда чет өлкөдө эмгектенген Кыргызстан жарандарынын добуш берүүсү үчүн 28 мамлекетте 45 шайлоо участогу ачылган. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, саат 14.00гө карата 3585 жаран добуш берди.

Шайлоо участоктору алгач Орусиянын Иркутск, Сургут, Түштүк-Сахалин, Якутск шаарларында, Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбургда, ошондой эле Италия менен Францияда ачылды.

АКШ убактысынан улам, акыркы шайлоо участогу Вашингтон шаарында иштей баштайт.

Кытайдын Пекин, Гуанчжоу шаарларында, Казакстандын Астана жана Алматы шаарларында, Бириккен Араб Эмираттарынын Аби-Даби, Дубай шаарларында, Түркия мамлекетинин Анкара, Стамбул калааларында, Германиянын Берлин жана башка шаарларында жашаган кыргыз жарандары добуш берип жатышат.

Мындан тышкары, Япония, Корея, Малайзия, Индия, Пакистан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Иран, Беларусия, Сауд Аравия, Катар, Кувейт, Украина, Германия, Австрия, Улуу Британияда да добуш берүү процесси өтүп жатат.

Форма-2 менен 32 миңден ашык чет өлкөдө эмгектенген жаран каттоого турган.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына 16 партия ат салышууда. Алар: «Биримдик», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Мекеним Кыргызстан», «Реформа», «Ата-Мекен», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Афган согушунун ардагерлери», «Ордо», «Бир Бол», «Республика», «Кыргызстан» жана «Чоң Казат» партиялары.

БШК бул жолку парламенттик шайлоону уюштурууга 449,58 млн сом коротту. Добуш берүү үчүн жалпы 2474 шайлоо участогу ачылды. Жалпы 3 млн 523 миң 532 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары 5928 бюллетень Брайль тамгасы менен жасалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM