Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө эмне кеп?

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Окт 2020 | 423 | 0
  • 11,5 миллионго жакын калкы бар Бельгияда коронавирустун курмандыктарынын саны 10 миңден ашты. Өлүм көрсөткүчү боюнча өлкө Сан-Марино менен Перудан кийин үчүнчү орунда турат.

 

  • Шаршемби күнү Украина пандемия башталгандан бери күн сайын илдеттин катталуусу боюнча рекорд койду, 4027 адам вирус жуктуруп алды.

 

  • Walt Disney компаниясы 28 миң кызматкерин жумуштан бошотот. Экинчи чейректе компания 4,7 миллиард доллар жоготту. Walt Disney’дин өкүлү Жош д’Амаро Калифорния администрациясы киргизген карантин саясатынын өтө катаалдыгына нааразы болду.

 

  • Пандемияга байланыштуу мунайга болгон суроо-талаптын төмөндөшүнөн кийин Royal Dutch Shell компаниясы 2022-жылга чейин 7000-9000ге чейин кызматкерин кыскартууну пландаштырууда. 1500 адам буга чейин сунушталган шарттарга макул болушкан.

 

  • Албания өкмөтү мектептерде окуу жылынын башталышын ноябрь айына жылдырууну чечти.

 

  • Финляндиянын баш калаасы Хельсинкидеги барлар акыркы жолу бүгүн, 1-октябарда иштеп, андан соң карантинге жабылат.

 

  • COVID-19 оорусунун көбөйүшүнө жооп кылып, Нью-Йорк мэриясы коомдук жайларда беткапсыз жүргөндөр үчүн 1000 доллар айып пул салды.

 

  • Германиянын канцлери Ангела Меркель мекендештерин пандемиянын экинчи толкунуна даярданууга жана илдеттен сак болууга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM