- 11,5 миллионго жакын калкы бар Бельгияда коронавирустун курмандыктарынын саны 10 миңден ашты. Өлүм көрсөткүчү боюнча өлкө Сан-Марино менен Перудан кийин үчүнчү орунда турат.
- Шаршемби күнү Украина пандемия башталгандан бери күн сайын илдеттин катталуусу боюнча рекорд койду, 4027 адам вирус жуктуруп алды.
- Walt Disney компаниясы 28 миң кызматкерин жумуштан бошотот. Экинчи чейректе компания 4,7 миллиард доллар жоготту. Walt Disney’дин өкүлү Жош д’Амаро Калифорния администрациясы киргизген карантин саясатынын өтө катаалдыгына нааразы болду.
- Пандемияга байланыштуу мунайга болгон суроо-талаптын төмөндөшүнөн кийин Royal Dutch Shell компаниясы 2022-жылга чейин 7000-9000ге чейин кызматкерин кыскартууну пландаштырууда. 1500 адам буга чейин сунушталган шарттарга макул болушкан.
- Албания өкмөтү мектептерде окуу жылынын башталышын ноябрь айына жылдырууну чечти.
- Финляндиянын баш калаасы Хельсинкидеги барлар акыркы жолу бүгүн, 1-октябарда иштеп, андан соң карантинге жабылат.
- COVID-19 оорусунун көбөйүшүнө жооп кылып, Нью-Йорк мэриясы коомдук жайларда беткапсыз жүргөндөр үчүн 1000 доллар айып пул салды.
- Германиянын канцлери Ангела Меркель мекендештерин пандемиянын экинчи толкунуна даярданууга жана илдеттен сак болууга чакырды.