Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 142 бейтап сакайып, 167 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 356 | 0

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 167 жаңы учуру катталды. Республткалык штабдын маалыматы боюнча:

  • Бишкек — 9;
  • Ош — 5;
  • Чүй облусу – 15;
  • Ош облусу — 38;
  • Талас облусу — 1;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 31;
  • Баткен облусу – 55 учур катталды.

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 миң 522ге жетти.

Учурда ооруканаларда 761 бейтап дарыланып жатат, үй шартындагы дарыланууда 1484 бейтап бар.

29-сентябрга карата пневмонияны эске алганда COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы саны 1064 адамды түздү, өлүмдүн жаңы учуру катталган жок.

Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 142 бейтап сакайды. Алар:

  • Бишкек – 26;
  • Ош шаары – 19;
  • Чүй облусу – 7;
  • Ош облусу – 26;
  • Нарын облусу – 3;
  • Талас облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 17;
  • Баткен облусу – 20.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп, андан сакайгандардын жалпы саны 42 миң 761ге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM