Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 167 жаңы учуру катталды. Республткалык штабдын маалыматы боюнча:
- Бишкек — 9;
- Ош — 5;
- Чүй облусу – 15;
- Ош облусу — 38;
- Талас облусу — 1;
- Нарын облусу — 2;
- Ысык-Көл облусу – 11;
- Жалал-Абад облусу – 31;
- Баткен облусу – 55 учур катталды.
Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 миң 522ге жетти.
Учурда ооруканаларда 761 бейтап дарыланып жатат, үй шартындагы дарыланууда 1484 бейтап бар.
29-сентябрга карата пневмонияны эске алганда COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы саны 1064 адамды түздү, өлүмдүн жаңы учуру катталган жок.
Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 142 бейтап сакайды. Алар:
- Бишкек – 26;
- Ош шаары – 19;
- Чүй облусу – 7;
- Ош облусу – 26;
- Нарын облусу – 3;
- Талас облусу – 10;
- Ысык-Көл облусу – 14;
- Жалал-Абад облусу – 17;
- Баткен облусу – 20.
Ушуну менен коронавирус жуктуруп, андан сакайгандардын жалпы саны 42 миң 761ге жетти.