Биз менен байланышыңыз

«Сапаттын» окуучулары Эл аралык математика олимпиадасында медаль утту

Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 606 | 0

Эл аралык математика олимпиадасында “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу аталган мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Чыңгыз Исманов кабарлады.

Математика боюнча Эл аралык олимпиада 18-28-сентябрь күндөрү онлайн түрдө өттү. Ага 100 өлкөдөн 616 окуучу катышкан.

Кыргызстандын командасы 6 окуучудан түзүлүп, анын ичине Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин 2 окуучусу кирген.

Оштогу “Сема”  лицейинин 11-классынын окуучусу Эрдан Апиев коло медаль утту, Адиль Абдирасулов кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болду.

61-эл аралык математикалык олимпиада сентябрь айында Санкт-Петербург шаарында өтмөк. Бирок пандемияга байланыштуу аралыктан өткөрүлүп, ар бир катышуучу берилген тапшырмаларды өз өлкөсүндө онлайн түрдө аткаруу шарты коюлган.

Олимпиада биринчи жолу 1959-жылы Румыния өлкөсүндө 7 мамлекеттин арасында өткөн.

Негизги максаты –математика илимдерин пропагандалоо, дүйнө жүзүндөгү мектептер арасында профессионалдык кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле таланттуу жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн ачуу болуп саналат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM