Эл аралык математика олимпиадасында “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу аталган мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Чыңгыз Исманов кабарлады.
Математика боюнча Эл аралык олимпиада 18-28-сентябрь күндөрү онлайн түрдө өттү. Ага 100 өлкөдөн 616 окуучу катышкан.
Кыргызстандын командасы 6 окуучудан түзүлүп, анын ичине Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин 2 окуучусу кирген.
Оштогу “Сема” лицейинин 11-классынын окуучусу Эрдан Апиев коло медаль утту, Адиль Абдирасулов кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болду.
61-эл аралык математикалык олимпиада сентябрь айында Санкт-Петербург шаарында өтмөк. Бирок пандемияга байланыштуу аралыктан өткөрүлүп, ар бир катышуучу берилген тапшырмаларды өз өлкөсүндө онлайн түрдө аткаруу шарты коюлган.
Олимпиада биринчи жолу 1959-жылы Румыния өлкөсүндө 7 мамлекеттин арасында өткөн.
Негизги максаты –математика илимдерин пропагандалоо, дүйнө жүзүндөгү мектептер арасында профессионалдык кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле таланттуу жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн ачуу болуп саналат.