Биз менен байланышыңыз

2-класстан 6-класска чейинки балдарды мектепте окутуу маселеси талкууланууда

Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 3051 | 0

2-класстан 6-класска чейинки балдарды мектепте окутуу маселеси талкууланып жатат. Эгер беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу талаптарды аткаруу мүмкүн болсо, уруксат берилет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде кабарлады.

Башка класстардын жана жогорку окуу жайдын студенттеринин окуусу кийинки этаптарда каралары айтылды.


Министрлик окуучулардын каникулу боюнча тактоо киргизди


«Бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим министрлиги менен алгоритмдер түзүлүп, иштеп жатат. Жеке менчик бала бакчаларда балдардын саны аз жана бардык талаптарды аткарганга мүмкүнчүлүк бар. Ал эми мамлекеттик бала бакчаларда балдардын саны көп. Анын ар бирине индивидиалдуу мамиле кылуу зарыл. Андыктан бул маселе да талкууда», -деди Үсөнбаев.

Буга чейин билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, президент Сооронбай Жээнбеков менен өткөн онлайн кеңешмеде окуучулар октябрь айынан тарта мектепке барып окуп калышы мүмкүн экенин билдирген.

Учурда 1-класстын окуучулары гана мектепте окуйт, калганы аралыктан билим алууда.

Статком: Бала бакчалардын саны эки эсеге өстү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM