Твиттерде үлпөт той өткөрүп жаткан жаштардын бири асманга ок чыгарган видео кызуу талкууланып жатат.
Видеодо үйлөнүп жаткан жигит келинчегинин жанында асманга атайын 3 жолу ок чыгарган. Мындай көрүнүштү социалдык тармактын колдонуучулары сындап чыкты. Алар мындай адам өмүрүнө коркунуч келтирген жоруктар кавказдыктардын салтынан алынганын да кошумчалаган.
Видео кайсы жерде жана качан тартылганы белгисиз. Бирок андагы үндөрдөн улам Кыргызстанда тартылганын же кыргыздар тарабынан тартылганын байкоого болот.