Биз менен байланышыңыз

2021-жылдын 1-январынан тарта салык отчеттору электрондук түрдө гана кабыл алынат

Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 507 | 0

Уюмдар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-январынан тарта салык отчетторун электрондук документ түрүндө берүүгө өтүшөт. Бул мөөнөт “Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүгө өтүүнүн тартибине” ылайык белгиленген.

Мамлекеттик салык кызматы салык отчетун электрондук түрдө берүүгө милдеттүү болгон жарандарды квалификациялуу электрондук кол тамганы алдын ала сатып алууга чакырат.

Электрондук кол тамганы электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында аккредитациядан өткөн адистештирилген операторлордон (Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Инфоком, Dostek, Ubr) алууга болот.

2019-жылдын 1-июлунан тарта кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетун электрондук түрдө тапшырып келишүүдө.

«СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун негизги компоненттеринин бири болуп саналат.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM