Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун 175 жаңы учуру катталып, 142 бейтап айыкты

Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 514 | 0

Кыргызстанда 25-сентябрга карата COVID-19 илдетинин 175 жаңы учуру катталды. Анын ичинен:

— Бишкекте — 18;

— Ош – 22;

— Чүй облусу – 5;

— Ош облусу — 50;

— Талас облусу — 7;

— Нарын облусу – 3;

— Ысык-Көл облусу – 7;

— Жалал-Абад облусу – 22;

— Баткен облусу — 41 учур катталды. 

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 45 миң 932ге жетти. 

Ооруканаларда 643 бейтап дарыланып жатат. Үй шартындагы дарыланууда 1641 бейтап бар. 

Бир суткада 13 медициналык кызматкер вирус жуктурду

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар 142 адам:

— Бишкек – 51;

— Ош шаары – 5;

— Чүй облусу – 12;

— Ош облусу – 23;

— Талас облусу – 6;

— Нарын облусу – 1;

— Ысык-Көл облусу – 22;

— Жалал-Абад облусу – 10;

— Баткен облусу – 12.

Коронавирустан айыккандардын жалпы саны — 42 миң 147.

25-сентябрга карата COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы саны 1063 адамды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM