Биз менен байланышыңыз

Бир суткада 13 медициналык кызматкер вирус жуктурду

Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 319 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бишкек шаары боюнча – 4, Ош облусунда – 2, Ош ш. – 1, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 4 учур.

Ошол эле акыркы суткада ооруканалардан 5 медкызматкер жана үй карантининен 17 медкызматкер айыгып чыгарылган.

COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3227 учур катталды, алардын ичинен 2918 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус жуктургандардын саны көбөйүп, 175 жаңы учур катталды. Жалпы учурлардын саны 45 миң 932ге жетти. Вирустан айыккандар — 42 миң 147, каза болгондор  — 1063 киши.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM