Биз менен байланышыңыз

Даяр бюллетендер аймактык шайлоо комиссияларына берилди

Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 662 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы даяр болгон шайлоо бюллетендерин аймактардагы шайлоо комиссияларына тапшырды.

— Жалал-Абад облусуна – 643777 бюллетень;

— Ош облусуна– 682673;

— Баткен облусуна – 284300;

— Нарын облусуна – 176203;

— Ысык-Көл облусуна – 290766;

— Талас облусуна – 149008;

— Чүй облусуна – 586669 бюллетень жөнөтүлдү.

Жалпы 3 млн 523 миң 532 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары 5928 бюллетень Брайль тамгасы менен жасалды.

Шайлоо бюллетендерин “Учкун” ААКы басып чыгарып, тесттен өткөрдү.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоо бюллетени коргоонун жогорку баскычына ээ, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди таануусу үчүн ага атайын коргоочу боек сүйкөлөт.

Парламенттик шайлоодо 3 миллиондон ашык адам добуш бере алат

Нормага туура келбей, жарабай калгандарын бөлүп салгандан кийин типография шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендерин БШКнын үчтөн кем эмес мүчөлөрүнүн, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, типографиянын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүп бергенден кийин, жарабай калган жана ашыкча шайлоо бюллетендери жок кылынат. Бул тууралуу акт түзүлүп, ага бардык катышуучулар кол коюшат.

БШК бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берет. Ал процесске саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катыша алышат.

Мыйзамга ылайык, бюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүгө 10 күн калганда өткөрүп берүү керек.

Ал эми участкалык шайлоо комиссияларына жиберүү добуш берүүгө 2 -1 күн калганда ишке ашырылат.

Участкалык шайлоо комиссияларына бериле турган шайлоо бюллетендеринин саны, шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргендердин санынан 0,1 пайыздан ашпашы керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM