Биз менен байланышыңыз

Парламенттик шайлоодо 3 миллиондон ашык адам добуш бере алат

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 24 Сен 2020 | 659 | 0

Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 3 млн 523 миң 532 адам катыша алат. Бул тууралуу маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабарлады.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо түзүлгөн тизмеге караганда, быйыл шайлоочулардын саны 762 миң 235 адамга көп. Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу 497 миң 762ге көбөйгөн.

Президент шайлоо учурунда стратегиялык объектилерди коргоону тапшырды

Өлкөдө 488 миң 873 жаран «Форма 2» аркылуу шайлоо дарегин алмаштырууга арыз берди. 2015-жылы 297 миң 327 жаран форма 2 боюнча шайлоо тилкесин алмаштырган.

2017-жылы президенттик шайлоо алдында 315 миң 461 жаран «Форма-2» алган.

«Форма -2» документин алуу үчүн кайрылгандардын көбү Бишкек шаарына туура келди:

— Бишкек шаарында — 151 миң 783 шайлоочу;

— Ош шаарында — 42 миң 908;

— Жалал-Абад облусунда — 59 миң 413;

— Нарын облусунда — 16 миң 848;

— Ош облусунда — 58 миң 362;

— Талас облусунда — 19 миң 154;

— Чүй облусунда — 115 миң 58;

Ысык-Көл облусунда — 16 миң 85 жаран арыз калтырган.

Чет жердеги шайлоо тилкелеринде 1 миң 620 арыз түшкөн.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партиядан 1912 талапкер катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM