Биз менен байланышыңыз

Президент шайлоо учурунда стратегиялык объектилерди коргоону тапшырды

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 24 Сен 2020 | 685 | 0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев менен шайлоого даярдык маселесин талкуулады.

Жээнбеков онлайн кеңешмеде шайлоо учурунда коомдук-саясий абалды туруктуу сактоо, стратегиялык объектилерди коргоо тапшырмасын берди.

Орозбек Опумбаев парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын биргелешкен иш-чаралар планы даярдалганын айтты.

Президент шайлоо процессин уюштурууда коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун, өлкө аймагына экстремисттик жана террористтик уюмдардын мүчөлөрүн киргизбөө максатында чек ара тилкелерине көзөмөлдү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партиядан 1912 талапкер катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM