Биз менен байланышыңыз

Аравандагы жаңжал: БШК эки талапкерди шайлоодон четтетүүнү колдоду

Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 1242 | 0

«Биримдик» партиясынын талапкери Шукирилло Файзуллаевди жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Илхом Маннановду талапкерлердин тизмесинен чыгаруу сунушталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов бүгүнкү отурумда ушундай сунуш берди.

БШКнын бардык мүчөлөрү Араванда жаңжал чыккан жолугушууну уюштурган партиялардын жоопкерчилигин кароо керектигин айтышууда. Айрымдары аты аталган эки талапкерди шайлоодон алыстатууну сунуштап жатышат.

Бекматов: Аравандагы жолугушууну уюштуруучулар да жоопко тартылышы керек

Ал эми БШКнын дагы бир мүчөсү Бактияр Кадыров эскертүүнү эки талапкерге гана эмес, «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларына берүүнү сунуштады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жогоруда аты аталган талапкерлерди тизмеден чыгаруу сунушун БШКнын он мүчөсү колдоду.

Copyright © 2017 Maral FM