Биз менен байланышыңыз

Бекматов: Аравандагы жолугушууну уюштуруучулар да жоопко тартылышы керек

Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 533 | 0

Аравандагы үгүт иштеринин алкагында жолугушууну уюштуруучулар да жоопко тартылышы керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов БШКнын отурумунда билдирди.

«Ички иштер министрлигинин өкүлү (ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан уулу) өз баяндамаңызда «жолугушуу учурунда эл түртүшүп жаңжал чыкты» деп айттыңыз. Биз интернетте тараган видеолордон, ЖМКлардан чыккан материалдардан көрүп жатабыз, ал жерде мушташ болуп жатат. Ошондуктан бул окуяны «жолугушуу учурунда эл түртүшүп» деп эмес, башкача мамиле менен изилдеп чыксаңыздар. Баары бир жолугушууну уюштуруучулар жоопкерчиликти тартышы керек«, -деди Бекматов.

Бүгүн, 25-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Араван районундагы үгүт маалында чыккан жаңжалды талкуулап жатат. Учурда БШКнын жалпы жыйыны ЖМКлар аркылуу түз көрсөтүлүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова да талапкерлердин жоопкерчилигин кароо зарылдыгын айтты.

Ошондой эле БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова да мындай позицияны колдоп, эки партияга эскертүү берүүнү сунуштады.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан уулунун айтымында, жаңжалга тийиштиги бар делген 4 адам соттун чечими менен тергөө абагына камалды, дагы эки адам кармалып, алардын баш коргоо чарасы каралары күтүлүүдө.

Учурда жалпы 12 адам ооруканада. Эшимкан уулу бул жаңжалга спортчулардын катышканы тууралуу маалыматтар так эмес экенин айтты.

«Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары бул жаңжалга тийиштиги жоктугун айтып, чагымчылдар тарабынан чыкканын айтышты.

20-сентябрда Араван районунун Араван айылында үгүт иштеринин алкагында чогулгандар арасында уруш чыгып, аягы жаңжалга айланып кеткен.

ИИМдин маалыматы боюнча, бул факт Жазык Кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Араван РИИБде катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Ички иштер министрлиги коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн Араван райондук милициясынын башчысы Сактан Исмаилов кызматтан алынганын, бир катар кызматкерлер тартип жазасына тартылышканын кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM