Биз менен байланышыңыз

Доллар кымбаттап, Улуттук банк интервенция жасады

Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 479 | 0

Кыргызстанда доллардын курсу жогорулап жатканына байланыштуу Улуттук банк интервенция жасады. Банктын маалыматына караганда, валюталар рыногуна 5,8 млн доллар сатылды.

Бул — сентябрь айында жасалган экинчи интервенция. Улуттук банк 9-сентябрда 6 млн 600 миң долларды сатыкка чыгарган.

Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери он бир жолу интервенция жасап, жалпы 238,6 млн доллар сатты.

Кыргызстанда АКШ долларынын курсу быйыл март айында кымбаттаган.

24-сентябрга карата Улуттук банктын расмий курсу 79 сом 34 тыйын деп белгиленди. Бул кечээкиге салыштырмалуу 0,11 пайызга жогору.

23-сентябрда акча алмаштыруу жайларында 1 доллар 80 сомго чейин чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM