Биз менен байланышыңыз

Бүгүн кечинде БУУнун сессиясында Жээнбековдун кайрылуусу көрсөтүлөт

Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 461 | 0

Бүгүн, 23-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын Жалпы дебаттар алкагында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун сүйлөгөн сөзү онлайн көрсөтүлөт.

Мамлекет башчы кайрылуусунда демократиялык институттар менен коомчулукту бекемдөөгө багытталган реформаларды жылдырууга, экономиканы, социалдык секторду өнүктүрүү боюнча өлкөдө көрүлүп жаткан чараларга токтолот. Кыргызстанда пандемия маалындагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулат.

Ошондой эле эл аралык коопсуздукту бекемдөө, терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүү сыяктуу глобалдык мүнөздөгү маселелер тууралуу айтат.

Президент Жээнбековдун сөзү БУУнун штаб-квартирасында бүгүн кечинде берилет.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-мааракелик сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгы өтүп жатат. Анын алкагында Сооронбай Жээнбеков 30-сентябрда Биоартүрдүүлүк боюнча саммитте да видеокайрылуу жасайт.

Жээнбеков эл аралык донорлордон тышкы карызды реструктуризациялоону өтүндү

Коронавирус пандемиясына жана БУУга мүчө мамлекеттердеги, Нью-Йорктогу учурдагы карантиндик чектөөлөргө байланыштуу, быйыл Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында бардык иш-чаралар онлайн өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM