Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков эл аралык донорлордон тышкы карызды реструктуризациялоону өтүндү

Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 493 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында видеокайрылуу жасап, эл аралык донорлордон тышкы карызды терең реструктуризациялоо боюнча сунушун колдоп берүүнү өтүндү.

Ал коронавирустун кесепети тышкы карыз көйгөйүнө катуу таасирин тийгизгенин айтып, «Чоң жыйырмалыкка» жана эл аралык каржы уюмдарына карыздарды төлөөнү токтотуу боюнча чечими үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстан туруктуу өнүгүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо боюнча сунушту колдоп берүүнү өтүндү.

«Пандемия биздин өлкөлөрдүн социалдык чөйрөсү менен экономикасына терс таасирин тийгизди. Орто жана чакан бизнес жабыркады. Кыргызстан мындай оор күндөрдө колдоо көрсөткөн өнөктөш-өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын билдирет», -деди Жээнбеков.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,6 миллиард доллар, анын 86% тышкы карыз. Тышкы карыздын жарымына жакыны Кытайга туура келет.

Жээнбеков Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карызын жеңилдетүүнү суранды

21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жылдык жыйыны башталган. Уюмдун тарыхында биринчи жолу жыйын онлайн өтүп жатат. Быйыл онлайн жыйында 171 мамлекеттин лидерлери сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Жыйын 29-сентябрда соңуна чыгат.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясында сөз сүйлөгөн. 2019-жылы 74-сессияга тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков катышкан.

БУУнун Башкы Ассамблеясы 75 жылдык мааракесин кантип белгилейт?

Copyright © 2017 Maral FM