Биз менен байланышыңыз

Партиялардын кыргыз тилине жасаган мамилеси

Блог , Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 978 | 0

Бүгүн, 23-сентябрда Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынганына 31 жыл болду.

Бул күнгө карата «Китепстан» басма үйүнүн директору, китептерди түп нускадан расмий уруксат алып кыргызчалатып жүргөн, билим берүү маселелери боюнча адис Бакытбек Абдуллаев, парламенттик шайлоого аттанган партиялардын мамлекеттик тилге болгон мамилеси тууралуу талдоосун жарыялады. Төмөндө Абдуллаевдин талдоосун өзгөртүүсүз беребиз.

«Парламенттик шайлоо жакындагандан шайлоого аттанган саясий партиялардын мамлекеттик тилге болгон мамилесин жана аны өнүктүрүү боюнча шайлоо программасындагы демилгелерин карап чыктым. Пикирлер субьективдүү экенин баштан белгилеп кетем. Партиялардын бюллетендеги номери боюнча талдайбыз».

  1. “Биримдик” партиясынын сайты www.birimdik.org кыргызча ачылат. Кыргызча материалдар кеңири берилген. Шайлоо программасында мамлекеттик тилди өнүктүү боюнча кандайдыр бир сүйлөм таба албадым.
  2. “Мекенчил” партиясынын сайты жок, же мен таба албадым. БШКнын сайтындагы https://talapker.shailoo.gov.kg/ky/party/1/program программасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча демилгеси жок. Мекенчилдик мамлекеттик тилге болгон мамиледен да билинет.
  3. “Ыйман нуру” партиясынын www.nuriman.kg сайтында шайлоо программасынын кыргызчасы жок. Сайтындагы биринчи көзгө урунган кыргызча материалдын аталышы “Н.Кадырбеков: Адам үчүн эң чоң бакыт — бул күнөөлөрдүн кечирилиши”.

БШКнын сайтына илинген кыргызча программасында мамлекеттик тил боюнча сунуш да жок.

Партиянын лидери Н.Кадырбеков кооз сүйлөйт, бирок партиянын программасына кыргызчаны өнүктүрүү боюнча сунуш киргизбегени кейиштүү жана анын “кокустан келген лидер” катары эле жорудум.

  1. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын сайты https://mekenimkyrgyzstan.kg/programma/ кыргызча ачылат. Программасынын кыргызчасы да кеңири берилгени менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир демилге окуй албадым.
  2. «Реформа» партиясынын прорграммасы кыргызча берилген. https://reformakerek.kg/programma Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир сүйлөм жок.
  3. «Ата Мекен» партиясынын программасы сайтында кыргызча берилген. https://atameken.kg/partiya/programma-partii/?lang=kg Программасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сунушун окуй албадым.
  4. «Замандаш» партиясынын сайты кыргызча ачылат. http://zamandash.kg/page/programms Партиянын көз карашында, мамлекеттик тил боюнча көйгөй жок окшойт, программасында кыргыз тилди өнүктүрүү боюнча демилге жок.
  5. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын www.butun.kg сайты кыргызча ачылып, кыргызча тексттер кеңири берилген. Программасында “Улуттук кылым карыткан элдик оозеки чыгармаларга, акындык өнөргө, музыкалык аспаптарга, кол өнөрчүлүктүн түрлөрүнө жаш муундарды үйрөтүүгө жана окутууга мамлекеттик каржылоону көтөрүү” деген сүйлөм гана бар.
  6. «Социал демократтар» партиясынын сайтында https://social-democrat.kg/ кыргызча текст жок. БШКнын сайтына илинген программасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сүйлөм окуй албадым.
  7. “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын сайты да жок окшойт. БШКнын сайтына илинген программасында мамлекеттик тил боюнча сүйлөм жок.
  8. «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын” сайты жок жана БШКнын сайтындагы программасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир сүйлөм жок.
  9. «Ордо» саясий партиясынын сайтында кыргызча материалдар көп эле экен. Программасында улуттук иденттүүлүк, идеология, каада-салт,улуттардын биримдиги сыяктуу сөздөр өтө көп болгону менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча конкреттүү бир сунушу жок.
  10. «Бир Бол» саясий партиясынын www.birbol.kg сайтында маалыматтар жана программасы кыргызча берилген. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча сунушу мындай:

«Кыргыз тилиндеги басмаканаларды салыктан бошотуу менен тилди кеңири жайылтуу боюнча иш-чараларды күчөтөбүз».

Кыргызча китеп чыгарып жүргөн адам катары бул демилге мага жакты.

  1. «Республика» партиясынын сайты www.respublika.kg акыры кыргызча маалыматтарды кое баштаптыр. Шайлоо өнөкөтү башталганда сайтынан кыргызча маалымат таба албай койгом. Сайтына коюлган программасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча демилге окуй албадым.
  2. “Кыргызстан” саясий партиясынын расмий сайты катары БШКнын сайтында KYRGHYSTAN2020.com дареги берилген. Бул маалыматты БШКнын сайтына ким киргизгени кызык болду. Дагы бир сабатсыз кызматкери маалыматтарды киргизген го. Себеби Кыргызстан деген жазуу англисче KYRGHYSTAN эмес, KYRGYZSTAN деп жазылат эмеспи.

Кыргызстан деген сөздү англисче туура жазып көргөндө гана www.kyrgyzstan2020.kg  деп чыгат. Сайтта шайлоо программасынын кыргызчасы берилип, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча мындай сүйлөм берилген:

“Кыргыз Республикасы көз карандысыз мамлекет деп жарыялангандан бери ар бир кийинки муун кыргыз тилин мурункуларына караганда начар билерин жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө көңүл бурулбай жаткандыгын көрсөткөн кайгылуу статистика белгиленди. Мамлекеттик тилди билүү — мамлекеттин негизи. Эне тилин жоготуу мамлекеттүүлүктү жоготуу коркунучун жаратат.

“Кыргызстан” партиясы кыргыз тилин өнүктүрүүнү жактайт. Маданиятты жана кыргыз тилин өнүктүрүү биздин жалпы улуттук милдетибиз”. Милдет экени билебиз, бирок кантип деген суроого конкреттүү сунуш жок.

  1. «Чоң казат» саясий партиясынын сайты(https://chongkazat.org/) кыргызча ачылат. Маалыматтар деле кыргызча берилиптир, бирок сайтында шайлоо программасынын кыргызчасы жок экен. Кайрадан БШКнын сайтындагы программасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча кандайдыр бир сунуш жок.

Кыскасы, шайлоого аттанган саясий партиялардын мамлекеттик тилге болгон мамилеси ушундай.

Автор: Бакытбек Абдуллаев

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM