Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Бүгүн «Форма-2ни» толтуруунун акыркы күнү

Кыска кабар | 19 Сен 2020 | 790 | 0

Бүгүн, 19-сентябрда жарандардын шайлоого катышуу үчүн шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча арыздарын берүү мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу БШК билдирет.

Буга байланыштуу бүгүн жарандардын конституциялык укуктарынын аткарылышын камсыз кылып, «Форма-2ни» толтурууга шарт түзүү максатында участкалык шайлоо комиссияларынын иш убактысы узартылды.

Кыргызстандагы иштеп жаткан участкалык шайлоо комиссиялары жарандарды саат 20:00го чейин кабыл алышат.

Өлкөдөн тышкары жерлерде (Орусия менен Казакстан) иштеген участкалык шайлоо комиссиялары саат 21:00го чейин кабыл алышат.

Форма №2 шайлоочунун укугун коргогон менен түпкүлүгүндө кызыктар тарап колдонот

Copyright © 2017 Maral FM