Биз менен байланышыңыз

Биометрикалык маалыматтар 20:00гө чейин кабыл алынат (даректер)

Кыска кабар | 14 Сен 2020 | 542 | 0

14-19-сентябрь күндөрү Калкты тейлөө борборлору жарандардын биометрикалык маалыматтарын кечки саат 20:00гө чейин кабыл алат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Калган кызматтар мурункудай эле эртең мененки саат 09:00дөн 18:00гө чейин көрсөтүлөт.

Калкты тейлөө борборлорунун даректери:

Бишкек:

Калкты тейлөө борбору-1 — Бишкек шаары, Нуркамал көчөсү 29;
Калкты тейлөө борбору-1 — Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 2 б;
Калкты тейлөө борбору-1 — Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары 4;
Калкты тейлөө борбору-1 — Бишкек шаары, Ауэзов көчөсү 1/5;
«Фрунзе» гипермаркетиндеги Калкты тейлөө борбору — Садырбаев көчөсү 107 (Ахунбаев көчөсү менен кесилишет);
Т. Молдо көчөсүндөгү (21) Калкты тейлөө борбору (Фрунзе көчөсү менен кесилишет).

Чүй облусу:

Шопоков калкты тейлөө борбору — Шопоков шаары, Машиностроительная көчөсү 1.

Ысык-Көл облусу:

Каракол калкты тейлөө борбору — Каракол шаары, Гебзе көчөсү 124;

Нарын облусу:

Нарын калкты тейлөө борбору — Нарын шаары, Токтосунов көчөсү 24;

Талас облусу:

Талас калкты тейлөө борбору — Талас шаары, Дзержинский көчөсү №28;

Жалал-Абад облусу:

Жалал-Абад калкты тейлөө борбору — Барпы Сейил көчөсү 220;
Базар-Коргон калкты тейлөө борбору — Базар-Коргон айылы, Курбанов көчөсү 1;
Сузак калкты тейлөө борбору — Сузак айылы, Каримбердиев көчөсү 1.

Ош облусу:

Ош-1 калкты тейлөө борбору — Ош шаары, Ленин көчөсү 318;
Ош-2 калкты тейлөө борбору — Ош шаары, Раззаков көчөсү 2;
Өзгөн-1 калкты тейлөө борбору — Өзгөн шаары, Ленин көчөсү 115.

Баткен облусу:

Баткен калкты тейлөө борбору — Баткен шаары, Мурат Салихов көчөсү 41;
Кызыл-Кыя калкты тейлөө борбору — Кызыл-Кыя шаары, Маяковский көчөсү 3.

Copyright © 2017 Maral FM