Биз менен байланышыңыз

Жасалма номер тагууга айыпталган Дамир Моңолдоров “Кыргызпочтасына” жетекчи болду

Кыска кабар | 14 Сен 2020 | 652 | 0

Дамир Моңолдоров “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Дамир Моңолдоров 2016-жылдан бери өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеген. Ал 2020-жылдын 29-июлунда отставкага кеткен. Ага чейин Жети-Өгүз районунун акими болуп иштеген.

Июль айында  интернетте Дамир Моңолдоров кызматтык унаасына башка унаага таандык номерди тагып жүргөнү тууралуу маалымат тараган. Бул окуя териштирилип жатканы кабарланган.

Интернет колдонуучулары пандемия учурунда облустун ошол кездеги жетекчиси Акылбек Осмоналиев менен анын биринчи орун басары Дамир Моңолдоров, эки жол тандабасты сатып алганын сындашкан. Кийин Осмоналиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу ал унаалар 2018-жылы долбоордун алкагында сатып алынганын жазган.

27-июлда өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү алмашып, Акылбек Осмоналиевдин ордуна Бишкектин аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев барган.

Copyright © 2017 Maral FM