Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктургандардын саны 45 миңге жакындады

Кыска кабар | 14 Сен 2020 | 513 | 0

Кыргызстанда 14-сентябрга карата коронавирустун жаңы 47 учуру катталды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча жаңы катталган учурлар төмөнкү аймактардан чыккан:

— Бишкек — 8;
Ош — 2;
Чүй облусу – 2;
Ош облусу — 2;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 10;
Баткен облусу — 14.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 44 миң 928ге жетти. Учурда ооруканаларда 507 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында 1903 киши дарыланууда.

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.

Бир сутка ичинде вирус жуктургандардын бешөө — медициналык кызматкер. Алардын ичинен Баткен облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 1 учур.

Ошондой эле акыркы суткада 5 медкызматкер ооруканадан чыгарылды, үй карантининде дарыланып жаткан 9 медкызматкер да сакайды.

COVID-19 илдети менен 3172 медкызматкер ооруду, алардын 2699 айыкты.

Copyright © 2017 Maral FM