Биз менен байланышыңыз

Президент парламенттик шайлоо мыйзамдуу өтөт деп эсептейт

Кыска кабар | 12 Сен 2020 | 743 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоо мыйзамдуу өтүп, парламенттик демократиянын калыптанышына салым кошот деп эсептейт. Ал бул тууралуу «Биринчи радиого» берген маегинде айтты.

«Президент катары, мурда да айткам, кайталап кетейин, шайлоолордун мыйзамдуу өтүшүнө бардык аракеттерди жасайбыз. Буюрса, шайлоо мыйзамдуу өтөт. Баарына тең бирдей шарт түзүлөт. Ар бир партияга, ар бир талапкерге, ар бир жаранга шартты бирдей түзөбүз», -деди мамлекет башчы.

Жээнбеков алдыдагы парламенттик шайлоо катуу саясий атаандаштыкта өтөөрүн белгилейт. Ошол эле учурда партиялык тизменин көбүнчөсү идеялык эмес, каржылык, же болбосо тигил же бул инсандын коомдогу ордуна байланыштуу түзүлүп жатканын айтат.

«Өлкөдөгү саясий маданиятты, парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруу жоопкерчилиги, биринчи кезекте, партиялардын өзүндө. Алар өлкөнү өнүктүрүү процессине катышам деп мыйзам чыгаруу бийлигине, аткаруу бийлигине келем дешсе, партиядагы демократиялык центризмди, ички тартипти бекемдеши керек. Мыйзамды кынтыксыз аткарыш керек. Жөнөкөй тил менен айтканда, партиялар коомго үлгү болуш керек. Партиялар да, анын лидерлери да».

Өлкө башчы шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүп жаткан партиялар эл менен жолугушууларда маска тагынуу, социалдык аралыкты сактоо деген жөнөкөй нормаларды сактабай жатканын сындады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Анын алдындагы үгүттөө иштери 4-сентябрда башталган. Шайлоого катышуу үчүн 16 партия каттоодон өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM