Биз менен байланышыңыз

Баатырбеков «Коопсуз шаардын» II баскычын киргизүү боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды

Кыска кабар | 12 Сен 2020 | 559 | 0

Жолдордогу тартип – жарандардын коопсуздугунун негизи. Ошондуктан жол кыймылынын бардык катышуучулары тарабынан тартип бирдей сакталышы зарыл. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков жол коопсуздугу маселеси боюнча кеңешмеде билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Баатырбеков белгилегендей, өкмөт жол коопсуздугун камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бөлөт. Жол кырсыктары ар-кыл себептер боюнча орун алат. Жаңы жолдорду салууда биринчи кезекте жол куруу мөөнөтүнө эмес, анын курулуш сапатына көңүл буруу керек.

«Статистикага ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймагында жол кырсыктарынын саны кыскарууда. Бирок айрым аймактарда анын саны жогорулоодо. Ири жол кырсыктары коопсуздук чараларынын жетишсиздиги тууралуу кабарлайт. Андыктан мамлекеттик органдар тарабынан аталган багытта профилактикалык иштерди жүргүзүү зарыл», — деди Баатырбеков.

8 айда жол кырсыгынан 385 адам каза тапты

Баатырбеков «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын киргизүү боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды.

«Айдоочулар ар кыл ыкмага салып айдашкандыктан,  көптөгөн авариялар орун алууда. Ошондуктан жол белгилерин талдоодон өткөрүү керек, бул «Коопсуз шаар» программасын ишке ашырууга көмөк берет. Бул долбоор Бишкекте гана эмес, Чүй облусунун аймагынын бир бөлүгүндө да жол коопсуздугун камсыздоого чоң пайдасын тийгизүүдө. Эми жалпы өлкө боюнча ишке киргизиле турган «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычынан да ушундай эле натыйжаларды күтүүдөбүз», — деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр ошондой эле унаа жолдорун кыш мезгилине даярдоо жана инерттик материалдар менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Транспорт жана жолдор министрлигине унаалардын агымы жыш катталган ири унаа жолдорунда кышкысын жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында тазалоо иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM