Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөдөгү шайлоочуларга шарт түзүү маселеси талкууланды

Кыска кабар | 11 Сен 2020 | 571 | 0

Алдыдагы парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү алкагында чет өлкөдөгү шайлоо участоктору тийиштүү жабдуулар жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен өз мөөнөтүндө камсыздалышы керек.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров шайлоо маселелерин уюштуруу боюнча штабдын жыйынында айтты.

Тышкы иштер министрлиги жана Мамлекеттик миграция кызматы чет өлкөдөгү мекендештердин добуш берүүсү үчүн тийиштүү шарттарды камсыздашы керек, ошондой эле биометрикалык маалыматтарды чогултуу тапшырмасы коюлду.

Чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар үчүн 44 шайлоо участогу түзүлгөн.

Штабдын жыйынында шайлоо учурунда коомдук тартипти камсыздоого тийиштүү маселелер да талкууланып, бул багытта иш-чаралар планы иштелип чыкканы айтылды.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Анын алдындагы үгүттөө иштери 4-сентябрда башталган. Шайлоого катышуу үчүн 16 партия каттоодон өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM