Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура өкмөттүн жооптуу адамдарына коронавирус боюнча иш козгоду

Кыска кабар | 11 Сен 2020 | 983 | 0

Башкы прокуратура Кыргызстандын аймагында коронавирустун жайылып кетишине жана аны менен күрөшүүгө бөлүнгөн акчаны кымырып алууга жол берген жетекчилерге кылмыш ишин ачуу боюнча арызды каттады.

Мындай арыз менен жактоочу Канат Хасанов кайрылган. Ал мурунку өкмөт башчы жана башка кызмат адамдарын шалаакылыгы үчүн кылмыш жазасына тартууну суранган.

Башкы көзөмөл органы өкмөттүн, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Республикалык штабдын жооптуу кызмат адамдарынын ишмердүүлүгүн текшерген. Анда жетекчилердин Кыргызстандын аймагында коронавирустун жайылып кетишин чектебегендиги, эпидемиологиялык кырдаал курчуганда медициналык мекемелерди өз убагында даярдабаганы эске алынган.

Материалдар 2020-жылдын 6-майында Кылмыш кодексинин “Шалаакылык” беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматтык адамдары калкалаган фармацевтикалык компаниялардын медициналык жабдыктарды жана дары-дармектерди алып келүү үчүн тендер өткөрүүсүндө мыйзам бузуулар болуп, ал сотко чейинки өндүрүшкө алынды.  Бул фактылар боюнча материалдар да Кылмыш кодексинин “коррупция” беренеси боюнча каттоого алынган.

Башкы прокуратура учурда сотко чейинки өндүрүш алкагында териштирүү жүрүп жатканын кабарлайт.

На мое заявление о возбуждении уголовного дела в отношении Экс Премьер министра и других должностных лиц оказывается…

Опубликовано Канатом Хасановым Четверг, 10 сентября 2020 г.

Copyright © 2017 Maral FM