Connect with us

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 15 млрд 79 млн куб метрге жетти

Кыска кабар | 11 Сен 2020 | 334 | 0

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11-сентябрга карата 15 млрд 79 млн куб метрге жетти. Бул тууралуу “Электр станциялар” ишканасы билдирет.

Суунун агып келүүсү секундасына 433 куб метрди түзүүдө, агып чыгуусу секундасына 317 куб метр.

Былтыр бул мезгилде Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17 млрд 90 млн куб метр болчу. Быйыл август айында 14 млрд 609 млн куб метрди түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM