Биз менен байланышыңыз

УКМКнын пара менен кармалган кызматкери иштен бошотулду

Кыска кабар | 11 Сен 2020 | 443 | 0

УКМКнын пара менен кармалган кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери «Н.у.С» карата жүргүзгөн кызматтык иликтөөнү аяктады.

Ички иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 2020-жылдын 4-сентябрында Бишкек шаарында Финполдун кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси «Пара талап кылуу» боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын «Н.у.С» аттуу кызматкерин кармашкан.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында кызматкер беделин түшүргөндүгү үчүн улуттук коопсуздук органдарындагы ишинен бошотулган. Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүлүүдө.

Бул кылмыш иши Башкы прокуратуранын, УКМК жана ЭККМК жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды.

Copyright © 2017 Maral FM