Биз менен байланышыңыз

Ош шаарынын чыга беришине айланма жол салынат

Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 820 | 0

Ош шаарынын чыга беришине айланма жол салуу пландаштырылууда. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун 10-сентябрда Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгүн реконструкциялоо долбоору менен таанышуу учурунда айтылды.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшеновдун маалыматы боюнча, Бишкек-Ош трассасындагы унаа тыгындарын азайтуу максатында шаардын чыга беришине айланма жол салынат.

Адистер Ош шаарына түз кирүүчү жол куруу боюнча эки алгылыктуу вариант иштеп чыгып, ал экономика министрлигинин кароосуна жиберилген.

Президент Сооронбай Жээнбеков айланма жол салынса автоунаа тыгыны азайып, жарандардын Ош шаарына кирип-чыгуусу жеңилдей турганын айтты. Ошондой эле жакынкы мезгилде курулуш иштерин баштоону тапшырды.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 9-10-сентябрь күндөрү Ош облусун кыдырууда.

Copyright © 2017 Maral FM