Биз менен байланышыңыз

«Балдардын тарткан сүрөттөрү эмнени түшүндүрөт?» китебинин бет ачары өтөт

Баланын ички дүйнөсүн анын тарткан сүрөттөрү, боёгон өңдөрү аркылуу тааныткан китеп жарык көрдү. Китептин бет ачары 11-сентябрда болот.

Бул тууралуу «Марал» радиосуна «Баластан» интерактив журналынын башкы редактору, долбоордун жетекчиси Жаныбек Абидетегин билдирди.

Bugupress маалымат агенттиги «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына» карата «Балдардын тарткан сүрөттөрү эмнени түшүндүрөт?» аттуу китеп чыгарды. Китеп ата-энелерге, мугалимдерге, тарбиячыларга багытталган.

Анда балдардын 2 жаштан тарта чиймелеп, сүрөт тарта баштаганы жана ал сүрөттөр кандай маанини түшүндүрөрү тууралуу илимий маалыматтар берилген. Китепти илимпоздор илимий материал катары да колдонсо болот.

Китептин түп нускасы түрк тилинде. Автору — Илхами Саваш. Кыргыз тилине Айсулуу Койчубек кызы жана Кызжибек Чаткалбай кызы которгон.

Долбоордун жетекчиси Жаныбек Абидетегиндин айтымында, китеп баланын кыялын, шыгын, мүмкүнчүлүгүн билүүдө жол көрсөткүч болуп бере алат. Ата-эне баланы тарбиялоодон мурун алардын жан дүйнөсүн, психологиясын, жөндөмүн билип алуусу абзел.

Bugupress маалымат агенттиги буга чейин «Грузия кантип реформа жасай алды», «Кылычсыз самурай» китептерин кыргыз тилинде басып чыгарган.

Кылычсыз самурай: «Маймыл» лидердин кеңештери

Copyright © 2017 Maral FM